СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
98 КЫРААТ (Куран окуу) Намаздын рүкүндөрүнөн үчүнчүсү — кыраат (Куран окуу). Куран окуу (кыраат) намаз окуган адамдын өзү укканчалык Куран аяттарынан кыскача окуу. Витир менен нафиле намаздардын жана эки рекеттүү парз намаздардын ар бир рекетинде Куран окуу, ал эми төрт рекеттүү парздардын болсо, алгачкы эки рекетинда Куран окуу парз. Парз болгон Куран окуу (кыраат) өлчөмү үч кыска аят, же узун бир аят. КЭЭ БИР СҮРӨЛӨР ЖАНА АЯТТАР Сүрөлөрдү же дубаларды крилл тамгасы менен окуганда төмөндөгү нерселерге көңүл буруңуздар. л: л тыбышы калың окулат. Мисалы: бала; к: к тыбышы калың окулат. Мисалы: кагаз; с: с тыбышы тил менен алдыңкы тиштер арасынан окулат; з: з тыбышы тил менен алдыңкы тиштер арасынан үн менен окулат; ъ: тамакты бир аз кысып айтылган тыбыш; х: х тыбышы калың окулат.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=