СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
97 Нафиле намаз окуу үчүн «намаз окууга» деп ниет кылуу жетиштүү болот. НАМАЗДЫН ТИРЕКТЕРИ (РҮКҮНДӨРҮ) Намаздын тиректери алтоо: 1- Башталыш такбир, 4- Рүкү, 2- Тик тируу (Кыям), 5- Сажда, 3- Кыраат, 6- Акыркы отуруу. БАШТАЛГЫЧ ТАКБИРИ («Аллааху Акбар», – деп баштоо) Намаздын рүкүндөрүнөн биринчиси — башталгыч такбири. Намазды «Аллааху акбар» — деп баштоо. Такбир алып жатканда биринчи тамганы (Аааллааху) деп узартуу туура эмес. Мындай окуган киши намазга кирбеген болуп саналат. Намаздын ичинде ушундай окуса, намазы бузулат. ТИК ТУРУУ (Кыям) Намаздынрүкүндөрүнөн экинчиси—тик туруу (кыям). Тик туруу (кыям) парз жана важиб намаздарында шарт. Тик турууга күчү жеткен адамдардын олтуруп намаз окуулары болбойт.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=