СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
95 Багымдат азанында «Хаййа ъалал фалахдан» кийин 2 жолу «Ассалаату хайрум минан наум» деп айтылат. Коомат айтуу да азан сыяктуу. Бирок, «хаййа ъалал фалахдан» кийин 2 жолу «Кад кааматис салаах» деп айтылат. Үйдө же талаада окула турган намаздар үчүн азан да, коомат да айтуу дурус болот. Намаз убактысы кирбестен азан окулбайт. Азан убакыттардын сүннөтү эмес, намаздардын сүннөтү. Ал үчүн каза намаздарга да азан жана коомат айтышы сүннөт. Наадан жана бузукулардын азан чакыруусу макүрү. Жакшы–жаманды, туура–жаңылышты айырмалай билген жаш баланын азан чакыруусу болот. Аял кишилер азан жана коомат айтышпайт. Азан жана коомат айтканда, сүйлөмдөрдүн акыры сүкүн (үнсүз тыбыш) менен бүтөт. Коомат азанга караганда бир аз тезирээк айтылат. Азан айтылып жатканын уккан мусулман, азанда айтылган сөздөрдү кайталап, урмат менен угат жана аягында ушул бата окулат:ِ اَللّهُمّ رَبّ هٰذِهِ الدّعْوَةِ التّۤامّةِ وَالصّلٰةِ الْقَائِمَة ِالْوَس۪يلَةَ وَالْفَض۪يلَةَ وَابْعَثْهُ مَقَامًا ن اٰتِ مُحَمّدًا * ِالّذ۪ىوَعَدْتَهُ اِنّكَ لَ تُخْلِفُ الْم۪يعَادَ ن مَحْمُودًا
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=