СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
93 Намаз убактылары – ар жерге ылайык даярдалган намаз убактарынын жыл санагы боюнча аныкталат. МАКҮРҮ УБАКТАР Үч убакта намаз окууга болбойт: 1. Күн чыгып жаткан убакта б.а. күн чыгуусу көрүнүп баштагандан 45 мүнөткө чийинки убакыт. 2. Күн так чокуга келген учурда, б.а. бешим намазынан мурун 15–20 мүнөт ичиндеги убакыт; 3. Күн баткандан мурун, б.а. шам намазынан 45 мүнөт мурун. Бул убакыт ичинде жалгыз гана ошол күндүн асыр намазынын парзын гана окууга болот. Бул үч убакта каза намаздар, важиб намаздар макүрү убактысынан мурун даярдалып коюлганжаназа намазы окулбайт. Ошондой эле, мурун окулган сажда аятынын саждасы да кылынбайт. Эгер жогорудагы саналган нерселер кылынса, кайра кылуулары зарыл болот. Бул үч убакта нафиле намаз да окулбайт бирок, окулса кайра кайталап окулбайт. Бул үч убакта Куран окуп, зикир кылууга болот. Багымдат намазынын убактысы киргенден баштап, (багымдат намазынын сүннөтүнөн тышкары) күн чыкканга чейин, асыр намазын окугандан кийин күн батканга чейин нафиле намаздарды окуу макүрү болот.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=