СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

92 Истибра: Эркектер кичи даараттан кийин жыныс мүчөсүндөгү агууну толук тазалап кетирүү. Мунун да эң жакшы түрү, даарат сындыргандан кийин жөтөлүү, чүчкүрүү, ары–бери басуу, бир тарабына ийилүү сыяктуу кыймыл–аракеттерди кылуу менен болот. АВРАТТЫ ЖАБУУ (САТР АВРАТ) Намаздын шарттарынын үчүнчүсү — сатр аврат (б.а. уят жерлерин жабуу). Аврат жер деп – денедеги башкаларга көрсөтүү же башкалар тарабынан көрүлүүсү арам болгон жерди айтабыз. Эркектин аврат жери – киндиктен тизе астына чейинки аралык жери. Аялдын аврат жери – кол манжа учтарынан билегине чейин, буту кызыл ашыктарына чейин жана бетинен башка бардык денеси аврат болуп саналат. КЫБЫЛАГА ЖҮЗДӨНҮҮ Намаздын шарттарынын төртүнчүсү — кыбылага карай жүздөнүү. Меккеде Каабаны көрүп тургандар, Каабанын өзүнө карай жүздөнүшөт. Алыстагылар б.а. Каабаны көрө албагандар Кааба тарапка жүздөнөт. УБАКЫТТЫН КИРИШИ Намаздыншарттарынынбешинчиси —убакыт, б.а. ар намазды убактысы киргенде окуу. Убактысы кирбеген намазды окуу намазын окуган болуп эсептелбейт.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=