СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

91 КИРДЕН (НАЖАСАТТАН) ТАЗАЛАНУУ Намаздын шарттарынын экинчиси — нажасаттан тазалануу. Б.а., намаз окуй турган жер, дене же кийими намаз окууга тоскоол боло турганчалык нажасат болсо аны тазалоо. Кир (нажасат) экиге бөлүнөт: 1. Оор (гализ) нажасат: Адамдын алды жана аркасынан чыккан нажасат, эти желбеген айбанаттардын заарасы, көңү жана шилекейи, тоок, каз, өрдөктүн кыгы, кан, ириң, уруктук, ооз толтура келген кусунду, спирттик ичимдиктер. Бул нажасаттардан коюу болгондорунун (3,2 граммдан) ашыгы, суюк болгондору кол алаканындай көлөмүндө же андан көп болсо, намазга тоскоол болот. Мындай нажасатты бир жерде же башка башка жерде болсо дагы тазалоо парз болот. 2– Жеңил нажасат: Аттын заарасы, эти желген, колдо багылган, жапайы айбанаттардын чыгарган заарасы жана кыктары. Эти желбеген куштардын көңү да бул топко кирет. Бул нажасат дененин же кийимдин төрттөн биринин көбүнө тийген болсо намаз окууга болбойт. ИСТИНЖА, ИСТИНКА, ИСТИБРА Истинжа: Бир адам муктаждыгын кетиргенден кийин нажастын чыккан жерин тазалоосу. Истинка: Истинжага кошумча тазалоо б.а. алгач кургак нерсе менен тазалап, кийин суу менен жуушу, андан кийин кургатуу менен болгон тазалык.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=