СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

90 ЭТЕК КИР ЖАНА НИФАС АБАЛДАРЫНДА АТКАРЫЛУУСУ АРАМ БОЛГОН НЕРСЕЛЕР: 1- Намаз окуу: Этек кири келген жана нифас абалындагы аялдар намаз окубайт. Бул эки абалда окулбаган намаздардын казалары да кийин окулбайт. Жатка Куран Керим жана шүгүрчүлүк саждысын дагы жасай албайт. Бирок, эгер каалашса намаз убактылары киргенде«Астагфируллах», «Субхааналлах», «Алхамду- лиллах», «Аллаху Акбар» сыяктуу тасбихаттар менен алек болууда зыян жок. 2- Орозо кармоо: Жогорудагы эки абалда орозо да кармай алышпайт. Бирок, Рамазан айынын орозосун кийин каза кылып кармайт. 3- Куран окуу: Жалгыз гана Аллах Тааланы зикир, мактоо же дуба маанисинде болгон аяттарды бата максатында окууга болот. Бирок, өкүм же кабар берүүнү билдирген аяттар бата, мактоо жана зикир маанисинде болсо да окуганга болбойт. 4- Куранга кол тийгизбөө: (Бир аят болсо да). Кагаз, кездеме же дубал бетинде болсода аятка кол тийгизе албайт. Бирок, сыртында жабышпаган буюм (сырты) менен кармай алышат. Кийимдин жеңи менен кармоо арамга жакын макүрү болуп саналат. 5- Мечитке кирүү, 6- Каабаны тооп кылуу, 7- Күйөөсү менен жыныстык катнашта болуу, 8- Күйөөсү анын киндик жана тизе арасын кийимсиз пайдалануусу да жаиз эмес.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=