СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

89 • Аялдын өнөкөт болгон этек кир келүү мөөнөтү анын кан келүү убагынын арасында кан келбей калган күндөрү да этек кири деп эсептелет. Мисалы, эң аз айыз мөөнөтү болгон үч күндүн биринчи жана үчүнчү күндөрүндө кан келип, ортодо экинчи күнүндө кан келбеген болсо, бул ортодогу күн да этек кир келген күн деп эсептелет. • Айыздын (этек кир) бүткөндүгүн билүү үчүн аккан кандын өңү ак түскө өзгөргөн болуусу керек. Кан кызыл түстө болуу менен бирге, топурак түстүү, күңүрт, жашыл, сары жана кара түстө да келүүсү мүмкүн. • Кээ бир аялдарда кан келүү күндөрү туруктуу эмес. Мисалы, бир айда алты күн, башка айда беш күн этек кири келиши мүмкүн. Бул абалда токтогон күн болгон бешинчи күнү жуунат, намазын окуйт, орозосун тутат бирок, кокустук үчүн күйөөсү менен жыныстык катнаш кыла албайт. Өнөкөт болгон күндөрдү эсептейт. • Кээ бир аялдардын этек кир келген күндөрү туруктуу. Мисалы, ар айда алты же жети же тогуз күн кан келет. Бир жолку этек кир келүү менен бекемделип эсептелет. Ал мындайча; алгач кыз кездеги этек кири жаңыдан келе баштаганда этек кир келүү күнү жети күн келсе, андан кийин таза болсо, анын этек кир келүү күнү жети күн деп эсептелет. • Аялдардын белгилүү болгон этек кир келүү күндөрү кээде өзгөрөт. Бир кан келүү адатынын өзгөрүшү үчүн ага каршы эки адат кан келүү абалы каралат. Мисалы: ай сайын алты күн кан келген бир аял катары менен эки ай сегиз күн кан келсе, анда анын кан келүү күнү сегиз күн деп эсептелет.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=