СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
88 АЯЛДАРГА ГАНА ТИЙИШТҮҮ АБАЛДАР Аялдарга таандык үч абал бар: 1. Айыз (Этек кир). 2. Нифас (Төрөттөн кийинки кир). 3. Истихаза (оорудан улам болгон кир). 1. Этек кир (айыз) – балакат жашына келген кыздын жатынынан белгилүү бир мөөнөт ичинде келген кан. Эң эрте тогуз жашында башталып, эң кеч 55 жашында бүтөт. Бул убакта келген канга «хайыз каны», бул абалга «айыз абалы» же «этек кир» деп айтылат. 2. Нифас (төрөттөн кийин келген кан) – Төрөттөн кийин аялдын жатынынан кырк күнгө чейин келген кан. 3. Истихаза - Этек кири келген бир аялдын үч күндөн аз жана он күндөн көп келген канга истихаза каны деп айтылат. Төрөгөн аялдан кырк күндөн кийин келген кан да истихаза каны болот. Бул кан аялдын намазына, орозосуна жана башка ибадаттарына тоскоолдук болбогон сыяктуу эле, жыныстык катнашка да тоскоолдук болбойт. Бул түрдөгү кан келген аял, ар намаз убактысы киргенде даарат алып намаз окуйт. Бул токтобогон мурундан аккан кан сыяктуу болот. • Этек кир: азы үч күн үч түн, көбү он күн он түн уланат. • Эки этек кир ортосундагы тазалык абалына «тухур» (таза) деп аталат. Мунун эң аз убагы 15 күн болуп, эң көп убагынын чеги жок. • Нифастын эң аз убагы үчүн чектелген мөөнөт жок. Нифастын эң узун мөөнөтү төрөгөндөн баштап, кырк күн. Эгиз төрөгөн аялдын нифас күнү бириничи баланын төрөлүшүнөн баштап эсептелет.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=