СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
87 1. Маасынын буттан чыгуусу (чечилүүсү), 2. Маасылар кийилип турган чакта, буттардын бирөөнүн көпчүлүк бөлүгү сууланып калышы, 3. Масх мөөнөтүнүн бүтүүсү. Масхтын мөөнөтү Маасы кийген адам, кийген убактан алгачкы даараттын бузулган убагынан баштап 24 саат, ал эми сапарда (мусапыр) болсо, даараттын бузулган убагынан баштап 72 саат масх тартат. ТАҢУУ ЖАНА ЖАРА ҮСТҮНӨ МАСХ ТАРТУУ Дененин бир мүчөсүнүн чыгышы, сынышы же жаракат алышы абалында үстүндө таңуу же гипс болсо, ал мүчөнү жууш кооптуу болсо, таңуунун көпчүлүк бөлүгүнүн үстүнө масх тартылат. Эгер масх тартуу да зыян болсо, анда тартылбайт. Таңуунун маасы сыяктуу мөөнөтү жок. Ооруу айыкканча масх тартыла берет. Даараты болуп туруп таңылуусу шарт эмес. Масх кылгандан кийин таңуу ачылса же түшүп кетсе же таңуунун үстүнө экинчи бир таңуу байланса, масх тартууну жаңылаштын кажети жок.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=