СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

86 МААСЫ ҮСТҮНӨ МАСХ ТАРТУУ Эркек жана аял мусулмандар үчүн маасы үстүнө масх тартуу жаиз (дүрүс). Масхтын жаиз болуусунун шарттары 1. Маасылар дааратыбар кезде кийилгенболушу керек. 2. Маасылар кызыл ашыктарды кошуп буттарды жабуусу керек жана эң азы он эки миң кадам (5 км) жүргөнгө жете турганчалык абалда бышык болуусу керек. 3. Маасылардын эч биринде (буттун чыпалагы менен) үч манжа батканчалык өлчөмдө тешиги жана айрыгы болбошу керек. 4. Ичине оңой суу кирбей тургандай калың жана эч нерсеге байлабай өзү тике турушу керек. 5. Маасы кийиле турган буттун алдынкы тарабынан эң аз болгондо, үч кол манжасынын көлөмүнө барабар болуусукерек(бирбутукесилгенжежалгызганасогончогу калган бир адам экинчи бутуна масх кыла албайт). МАСХТЫН ӨЛЧӨМҮ Маасынын алдынкы бөлүгүнөн үч чыпалак өлчөмүндө бир жерине масх тартуу парз болот. Сууланган колунун манжаларын ачып, бутунун учунан баштап маасынын кончуна карай сүртүү сүннөт болот. МАСХТЫ БУЗА ТУРГАН НЕРСЕЛЕР: Дааратты бузган нерселер масхты да бузат. Жалгыз масхтынмөөнөтү бүтө элек болсо, даарат алган кезинде маасы үстүнө масх тартат.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=