СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

77 ТАЯММУМ Таяммум – Даарат алуу, же гусул кылуу үчүн суу жок, же сууну колдонууга күчү жетпеген учурда, кайсы максатта таяммум кыла турганына ниет кылып, колдорун таза топурактан болгон нерсеге эки жолу уруп, биринчисинде бетин, экинчисинде чыканактарын кошуп сүртүүнү айтабыз. ТАЯММУМДУН ПАРЗДАРЫ Таяммумдун парзы төртөө: 1. Ниет кылуу, 2. Таза топурак табуу, 3. Топуракка эки колун уруп бетин сүртүү, 4. Дагы бир жолу топуракка эки колун уруп, эки колдорун чыканагы менен кошуп бири–бирин сүртүү. ТАЯММУМ КАНДАЙ АЛЫНАТ? Бир мусулман гусул алуу үчүн, же даарат алуу үчүн суу таба албаса, же сууну колдонгондо оорусу күчөсө, же ичкенге эле бар болсо, душман коркунучу жана башка ушул сыяктуу себептер болсо, ниет кылып топурак түрүндөгү бир нерсеге таяммум кылат. Таяммум төмөнкүдөй алынат: Ниет кылып «аъуузу – бисмиллах» айтып эки колун жерге таза топуракка же топурак түрүнөн болгон нерсеге уруп (1–сүрөт) колуну топурака сүртөт, андан

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=