СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

76 ТИШТИ ПЛОМБАЛОО МАСЕЛЕСИ Чириген, же сынган тиштерин пломбалатууга, же каптатууга динибиз уруксат берет. Эч кандай зарылдыгыболбой туруп, сулуулук үчүнжеырахаттануу үчүн тиш салдырууга уруксат берилген эмес. Ханафи мазхабынын мужтахиддеринен Имам Мухаммедка (р.а.) көрө бошоп калган тиштерди алтын жип менен байлатуу же түшкөн тиштердин ордуна алтын тиш салдырууга уруксат. Имам Аъзам Абу Ханифага (р.а) көрө алтын менен каптатууга уруксат берген эмес бирок, күмүш менен каптатууга уруксат берген. Имам Абу Юсуф (р.а) да Имам Мухаммед (р.а) сыяктуу айткан. Алтын менен каптатуу маселесинде ИмамМухаммед (р.а) дын ижтихадыменен амал кылуу мүмкүн. Аалымдар да Имам Юсуф (р.а) жана Имам Мухаммед (р.а) тын ижтихады менен фатва беришкен. Айрыкча бул маселеде Осмон Дөөлөтүнүн аалымдарынан Шейхул Ислам Уряании Заада тиш пломбалатуу фатвасын берген. Ислам динине жеңилдик жасайбыз, деп шарият тыюу салган кайсы бир маселеге албетте, уруксат берилбейт. Бирок, уруксат берилген бир маселеде «негизинде бул шариятта жок» деп тыюу салып татаал кылууга да бобойт.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=