СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

75 3. Бул дааратты алып жатканда, ооз жана мурунга суу толтуруп алынат. Себеби бул жууш менен гусулдагы парз болгон ооз жана мурунга суу алуу менен аткарылган болот. 4. Башына үч жолу суу куюу. Ар бир куйганда баш жышылат. Бул учурда сакал, мурут жана чач түбүнө суу жеткирүү зарыл. 5. Оң ийинге үч жолу суу куюулат жана ар бир куйганда дене жышылат. 6. Сол ийинге үч жолу суу куйулат жана ар бир куйганда дене жышылат. Киндик чукурун да кошо жууп, эч кургак жер калтырбастан жышылап жуулат. ГУСУЛ ДААРАТ ЖАНА ТИШ КАПТОО Ханафи мазхабы боюнча, гусулда ооз жана мурун, дененин сырткы бөлүгү катары кабыл алынгандыктан, алардынжуулушу парз.Шафимазхабында болсо сүннөт. Гусул кыла турган адамдын тиштери капталган же пломбалуу болсо, ал тиштердин сырткы бөлүгүн гана жууш менен гусул толук болот. Бирок, тиштер бекем эмес, протез болсо чыгарып жуу шарт. Бул нерсе; таңуу үстүнөн масх тартуу (сылоо) дурус болгондугу сыяктуу болот. Жаранын үстүндөгү таңууну чечип, астыны жууш мажбур болбогон сыяктуу эле тиш үчүн да ушул эле өкүм жүрөт.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=