СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
74 ГУСУЛ Гусул бул – Жунуптуктан, этек кир жана төрөттөн кийин келген кан токтогондо тазаланышы үчүн оозун, мурдун жана бардык денесин жуу. Жыныстык катнаш аркылуу же түшүркөгөндөн кийин уруктуктун келүүсү жана аялдардын этек кир, нифас абалынын бүтүүсү менен гусул (бой даарат) парз болот. Ихтилам: түшүркөгөндөн кийин уруктуктун келүүсү. ГУСУЛДУН ПАРЗДАРЫ: Гусулдун парздары үчөө: 1. Оозуна суу алуу, 2. Мурунга суу алуу, 3. Бардык денесин жуу. ГУСУЛДУН СҮННӨТТӨРҮ 1. Ниет кылуу, 2. «Бисмиллах» айтуу, 3. Алгач аврат (уяттуу) жерин жуу, 4. Алгач башына, кийин оң, сол ийнине үч жолудан суу төгүү жана ар жолкусунда жышып жуу. ГУСУЛ ДААРАТЫ КАНДАЙ АЛЫНАТ? Сүннөт жол менен гусул даараты төмөнкүдөй алынат: 1. Гусулга ниет кылынат. Колдор жуулат. Таза болсо да алдыңкы жана арткы аврат (уяттуу) жерлери жуулат. 2. «Бисмиллах» айтылып толук намазга даарат алынгандай даарат алынат. Эгер жуунган кезде буттун астына суу топтолсо, буттар эң соңунда жуулат.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=