СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
60 учтары бириктирилет. Колдун ич жагы баштын чач башталган жерине коюлат, бул абалда эки манжа жана алакан башка тийбейт. Эки кол артка карай тартылып сыланат. Кийин алакандын ичи менен баштын капталы менен артынан алдына карай тартылып сыланат. Андан кийин сөөмөйлөрү менен кулактардын ичи тазаланат. Баш бармактары да кулак аркасын төмөндөн жогору карай сыланат. Калган үч манжалардын арт тарабы менен моюндан жаакка карай сыланат. 9- Буттар сол кол менен жуулат. «Бисмилла» менен оң буттун чыпалак учунан баштап жуулат. (11–сүрөт) Буттун манжа аралары сол колдун чыпалагы менен аралатып астынан үстүнө каратып жуулат. Аралатып жууганда оң бутта чыпалактан, сол бутта болсо баш бармактан баштап жуулат. Сол бут дагы «бисмилла» менен жуулат (12–сүрөт). Даарат алып жаткан кезде, ар бир даарат мүчөсүнү жууганда күбөлүк келимесини окуу керек. Даараттан арткан суудан тик турган абалда кыбыланы карап бир нече ууртам суу ичилет. Даарат алынгандан кийин үч нерсе мандуб болот: * Күбөлүк келимесин окуу,ّ َ سُبْحَانَكَ اللّهُمّ وَبِحَمْدِكَ اَشْهَدُ اَنْ لٰ اِلٰهَ اِل اَنْتَ اَسْتَغْفِرُكَ وَاَتُوبُ اِلَيْك
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=