СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

59 3- Эгер мисвак болсо ал колдонулат, жок болсо оозго суу алынып бармак жана сөөмөй манжалары менен тиштер жышыланат. (2–сүрөт) 4- «Бисмиллах» айтылып оозго үч жолу суу алынат. (3–сүрөт) 5-«Бисмиллах» айтылыпмурунгаүчжолусуужүгүртүлөт (4–сүрөт) . Орозо кармабаган болсо, суу мурдунун түбүнө чейин жүгүртүлүп, сол колу менен тазаланат. 6- Дааратка жүрөк менен ниет кылынып, «бисмиллах» айтылып алаканга суу алынып, жүзү чекесинен баштап, ээк алдына, жаак тараптары эки кулактын жумшактарына чейин жуулат. Каштардын астына суу тийгизилет. Дал ушинтип, дагы эки жолу кайталанат. Ар бир жууганда бет жышылат. (5–сүрөт) 7- «Бисмиллах» айтылып биринчи оң кол, экинчи сол кол чыканак кошулуп үч жолу жуулат. (6–7–сүрөт) 8- «Бисмиллах» айтылып оң кол менен баштын төрттөн бирине масх тартылат. (8–сүрөт) Кийин сөөмөйлөрү менен эки кулагынын ичини, баш бармактар менен кулактын арт жагы сыланат. (9–сүрөт) Калган үч манжанын арты жагы менен моюн сыланат; (10–сүрөт) Баштын баарына масх тартуу сүннөт. Бул каптама масх деп аталат. КАПТАМА МАСХ ТӨМӨНДӨГҮЧӨ ЖАСАЛАТ: Алгач эки кол сууланат, баш бармак жана сөөмөй өзүнчө кылып, эки колдун калган үч манжаларынын

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=