СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

58 ДААРАТТЫ БУЗГАН НЕРСЕЛЕР 1. Алды жана арка жактан заара, кан сыяктуу нажасаттын жана уруктуктун чыгуусу, 2. Денеден кан, ириң жана сары суу агуусу, 3. Ооз толтура кусуу, 4. Жинди болуу, 5. Мас болуу, 6. Эстен тануу, 7. Арка жактан жел чыгуу, 8. Жамбаштап жатып, буттарын жан–жакка чыгарып, бекем эмес бош олтуруп уктоо же малдаш токунуп олтуруп уктоо дааратты бузат. (намазда олтургандай (жел чыкпаган таризде), эч нерсеге сүйөнбөй уктаса даарат бузулбайт), 9. Намаз окуп жатканда, жанындагылар уга тургандай абалда күлүү, 10. Тиштеринин арасынан чыккан кан, түкүрүк менен бирдей же түкүрүгүнөн көп болсо, даарат бузулат, Кан түкүрүктөн аз болсо, даарат бузулбайт. Сакал– мурутту, тырмактарды алса даарат бузулбайт. ДААРАТ КАНДАЙ АЛЫНАТ? 1- Мүмкүнчүлүк болсо, кыбыла тарапты карап, бийик жерге отуруп, « аъуузу » жана « бисмиллах » айтылат, 2- Колдор билектерге чейин үч жолу жуулат. Манжа аралары жакшы-таза жуулат. Манжада шакек болсо, кыймылдатып асты дагы жуулат. (1–сүрөт)

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=