СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
57 ДААРАТТЫН СҮННӨТТӨРҮ 1. Ниет кылуу, 2. «Аъуузу» жана «Бисмиллах» окуп баштоо, 3. Колдорун билектерине чейин жуу, 4. Мисвак колдонуу, 5. Мүчөлөрүн арт–артынан кургатпай жуу, 6. Ооз жана мурдуна үч жолудан суу алып чайкоо, 7. Кулагын масх кылуу, 8. Манжаларын аралатып жуу, 9. Мүчөлөрүн үч жолудан жуу, 10. Башын суу колдору менен каптама масх кылуу, 11. Дааратты тартип менен алуу б.а даарат алган мүчөлөрүн катары менен жуу, 12. Кол жана буттарын манжа учтарынан баштап жуу. Даарат алып жатканда окулуучу бир нече дуба бар, ошону менен бирге, пазилеттүү болгону ар бир даарат мүчөсүнүн жууп жатканда бисмилла окуп к үбөлүк келмесини келтирүү. ДААРАТТЫН МАКҮРҮЛӨРҮ 1. Оң колу менен чимкирүү, 2. Даарат мүчөлөрүн үч жолудан көп же аз жуу, 3. Сууну бетине чачып жуу, 4. Ачык күнгө ысытылган сууга даарат алуу, 5. Сууну аябай аз колдонуу же ысырап кылуу, 6. Даарат алып жатканда сүйлөшүү, 7. Даараттын сүннөттөрүнөн бирин таштоо.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=