СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
56 ДААРАТСЫЗДЫКТАН ТАЗАЛАНУУ Намаздыншарттарынынбиринчисидааратсыздыктан тазалануу. Дааратсыздык экиге бөлүнөт: Кичине дааратсыздык: даараты жок болуу. Чоң дааратсыздык: жунуб болуу, аялдардын ар айда жана төрөттөн кийинки болгон этек кири убагына айтабыз. Аял болсун, эркек болсун дааратсыз болсо, даарат алуусу жунуб болсо, бой даарат алуусу (гусул кылуусу) шарт. Аялдардын төрөттөн кийинки жана этек кири келген абалдарынан кийин бой даарат алуусу (гусул кылуусу) парз. ДААРАТ Даарат – бул Белгилүү дене мүчөлөрүн эрежеси менен жуу жана масх тартуу. Даарат – бул диний тазалык. Көптөгөн ибадаттар дааратсыз аткарылбайт. Мисалы: дааратсыз намаз окулбайт, Кааба тооп кылынбайт, Куран Керим кармалбайт. ДААРАТТЫН ПАРЗДАРЫ Даараттын парздары төртөө: 1. Бетти жуу; 2. Колду чыканакты кошуп жуу; 3. Баштын төрттөн бирине масх тартуу тактап айтканда колун суулап башын сылоо; 4. Буттарды (кызыл ашыктарды кошуп) жуу.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=