СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

54 б) Сүннөт гайри муаккада (бекемделбеген сүннөт): Пайгамбарыбыздын кээде аткарган амалдары. Асржана куптан намазынын алгачкысүннөттөрү сыяктуу. 4. Мустахаб: Пайгамбарыбыздын кээде гана жасаган амалдары. Садака берүү жана нафиле орозо кармоо сыяктуу. 5. Мубах: Аткарганда сооп болбогон, кылбаса күнөө болбогон амалдар. Олтуруу, туруу, жеп–ичүү сыяктуу. 6. Макүрү: Аткарылышы жагымсыз көрүлгөн жана амалдын сообун азайткан нерселер. Намаз окуп жатып ар тарапка кароо сыяктуу. 7. Муфсид: Башталган кайсы бир ибадатты бузган нерселер. Даараты бар кезде бир жеринен кан же ириң чыгуу, намазда күлүү жана орозо туткан учурда бир нерсе жеш сыяктуу. 8. Арам: Бекем далилдер менен аткарганга тыюу салынган өкүмдөр. Спирттик ичимдик ичүү, ата–энеге каршы чыгуу сыяктуу.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=