СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
53 тыюуларын койгон. Бул буйрук жана тыюулар таклиф деп айтылат. Мусулманга мукаллаф деп айтылат. Мукаллафтардын аткаруусу же аткарбоосу зарыл болбогон иштерге афъаали мукаллафиин деп айтылат. Афъаали мукаллафин сегиз: 1. Парз: Аткарылуусу ачык далилдер менен бекемделген өкүмдөр. Бул өкүмдөр экиге бөлүнөт: а) Фарзи айн : Мукаллаф болгон ар бир мусулмандын жекече аткаруусу менен жоопкерчилиги мойнунан түшкөн иштер. Беш убак намаз жана орозо сыяктуу. б) Фарзи кифая: Кээ бир мусулмандардын аткаруусу менен калган мусулмандардын жоопкер- чилиги мойнунан түшкөн амалдар. Жаназа намазы жана саламга алик алуу сыяктуу. Эгер эч кимиси аткарбаса, анда баары жоопкер болот. 2. Важиб: Парз даражасындай бекем эмес далил менен бекемделген өкүмдөр. Витир жана айт намаздары сыяктуу. 3. Сүннөт: Пайгамбарыбыздын сөзү, жасаган иши жана сахабалар жасаган иштерди макул көрүү жана унчукпоо менен кубатталган амалдар. Сүннөт экиге бөлүнөт: а) Сүннөт муаккада (бекемделген сүннөт): Пайгамбарыбыздын дайым аткарып, өтө аз аткарбай таштаган амалдары. Багымдатжана бешимнамазынын сүннөтөрү сыяктуу.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=