СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
49 Самарканд шаарынын Матуруд айылында төрөлгөн жана хижрийдин 333–жылы, (М. 945–ж.) Самаркандда көз жумган. Имам Абул Хасан Ашъарий хижрийдин 260–жылы, (М. 873–ж.) Басрада төрөлгөн. Хижрийдин 324–жылы, (М.936–Ж.) Багдадда дүйнөдөн кайткан. АМАЛДА ЧЫНЫГЫ МАЗХАБДАР Ахли–сүннөт вал жамааттын амалда мазхабы төртөө: 1. Ханафи мазхабы: Имамы, Имам Аъзам Абу Ханифа. Аты Нооман, атасынын аты Сабит. Хижрийдин 80–жылы, (М.699–767ж.ж.) Куфада дүйнөгө келген. Хижрийдин 150–жылы Багдадда көз жумган. 2. Малики мазхабы: Имамы, Имам Малик ибни Анас. Хижрийдин 93–жылы (М.711–795ж.ж.) Мадина шаарында туулган. Хижрийдин 179–жылы Мадинада көз жумган. 3. Шафи мазхабы: Имамы, Имам Мухаммед ибни Идрис Шафи. Хижрийдин 150–жылы, (М.767–819–ж.ж.) Газада (Палестинада) төрөлгөн, хижрийдин 204–жылы Египетте көз жумган. 4. Ханбали мазхабы: Имамы, Имам Ахмад бин Ханбал. Хижрийдин 164–жылы (М.780–855ж.ж.) Багдадда төрөлгөн, хижрийдин 240–жылы, Багдадда көз жумган. Амалда чыныгы мазхаб болгон жогорудагы мазхабдар китеп, сүннөт, ижмаи үммөт жана кыясы фукахаага таянып курулган.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=