СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
48 МАЗХАБ (ЖОЛ) Мазхаб – улуу дин мужтахиттердин шарият далилдеринен чыгарган маселелер жана өкүмдөр жыйнагы. Пайгамбарыбыз ти рүү кезинде мусулмандар ар түрдүү маселелерде Пайгамбарыбыздан, андан кийин сахабалардын улууларынан сурап үйрөнүшчү. Мазхаб имамдары диний маселелерди сахабалардан жана табийинден үйрөнгөн жана үйрөнгөндөрүн бир жерге чогултушкан. Аят, хадис, ижмада табылбаган маселелерде өздөрүнүн көз–караштарын б.а ижтихаддарын айтышкан, ушундан улам мазхабдар пайда болгон. Мазхаб экиге бөлүнөт: 1- Ишенимде мазхаб, 2- Амалда мазхаб, Ишенимде хак (туура) мазхаб: "Ахли сүннөт вал жамаат" мазхабы. Бул - Пайгамбарыз жана сахаба- ларынын ишеним жана амалы менен жашагандардын мазхабы. Ахли–сүннөт вал жамаат мазхабынын ишенимде имамдары экөө: 1– Имам Абу Мансур Мухаммад Матурудий. 2– Имам Абул Хасан Ашъарий. Имам Абу Мансур Мухаммад Матурудий хижрийдин 280–жылы, (М. 894–ж.) Өзбекстандын
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=