СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

47 Ижтихад: Бардык илимий күч–кубатын колдонуп, шарияттын өкүмүн, шарияттын далилдеринен чыгаруу. Мужтахид: Бул – ар кандай шарият өкүмүн Куран аяттарынан жана хадистерден чыгарып, салыштыруу жасай ала турганчалык улуу аалым. Мужтахид болуу үчүн бардык Ислам илимдерин үйрөнгөндөн кийин, Аллах Таала берген "илми ладуннийге" да ээ болуусу шарт. Илимдин жолдору жана билүү каражаттарыбыз Илим алуунун жолу үчөө: 1. Таза сезүү органдары (Хаваассы салима) булар бешөө: Көрүү, угуу, даам татуу, жыт жана кармоо. 2. Туура кабар (Хабары саадык) экөө: а) Пайгамбарлардын берген кабары. б) Жалган айтууда биригүүсү мүмкүн болбогон бир жамааттын берген кабары. 3. Акыл.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=