СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

46 19. Башкаруучуларга баш ийбөө. 20. Бир адамды таныбай туруп, жакшы же жаман адам деп дароо өкүм берүү. 21. Жалган сүйлөө. 22. Динди үйрөнүүдөн баш тартуу. (үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болуп туруп) 23. Эркектин аялга, аялдын эркеке окшогонго аракет кылуусу. 24. Ислам дининин душмандарын жакшы көрүү. 25. Чыныгы дин аалымдарына душман болуу. ШАРИЯТТЫН ДАЛИЛДЕРИ Шарияттын далилдери (адиллаи шаръиййаа) бул дин жана шарият өкүмдөрү чыгарылган жана таянган булактар төртөө: 1. Китеп: Куран Керим. 2. Сүннөт: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын маарек сөздөрү, жасаган иштери жана башкалар тарабынан жасалган кезде аларды кубаттоо иретинде унчукпоосу. 3. Ижмаи үммөт: Бир убакта жашаган Үммөтү Мухаммад аалымдарынын (мужтахиттердин) бир маселе боюнча баарынын бир пикирге келиши. 4. Кыйаасы фукахаа: Бир маселенин китеп, сүннөт жана ижмаи үммөт аркылуу бекемделген өкүмүнү; ошол эле өкүмгө салыштырып, башка окшош маселенин өкүмүн берүү.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=