СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

43 ЫЙМАНДЫ САКТООНУН ШАРТТАРЫ Ыйманды сактоо үчүн бардык момундардын төмөндөгү өзгөчөлүктөргө көңүл бурушу зарыл: 1– Кайыпка ишенүү. Булар беш сезүү органдары менен билинбеген нерселер: Аллах Таала, периште, бейиш, тозок жана жин сыяктуу. 2– Адалдын адал болгонуна ишенүү. Б.а., адал нерселерге арам деп айтпоо керек. 3– Арамдын арам экенине ишенүү. Б.а., арам нерселерге адал деп айтпоо керек. Мисалы: алкоголдук ичимдиктерге, пайызга ж.б. арам болгон нерселерге адал деп айтпоо. 4– Дайыма Аллах Тааладан коркуу. 5– Мукаддасаатка (Ислам дини ыйык деп эсептеген нерселерге) урмат көрсөтүп, жеңил санабоо. 6– Аллах Тааланын мээриминен үмүт үзбөө. 7– Каапырды каапыр деп билүү, момунду момун деп билүү. Сөз менен, жазуу менен, же кыймыл– аракети менен ачык динге душмандык кылган бирөөнү мусулман деген адам динден чыгат. Айрыкча, динге кызмат кылган жана динди жаюуга аракеттенген ыймандууларды каапыр деген адам динден чыгат. 8– Аллах Таалага мекен ыйгарбоо. Мисалы: Аллах Таала көктө деп айтуу адамды динден чыгарат.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=