СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
42 ӨЛГӨНДӨН КИЙИН ТИРИЛҮҮГӨ ИШЕНҮҮ Ыймандын жетинчи шарты – өлгөндөн кийин тирилүү чын экенине ишенүү. Сурнайдын экинчи ирет чалынуусу менен бүткүл өлүм даамын таткан жандуулардын кайрадан тирилүүсүнө айтабыз. Бардык өлгөн инсандардын тирилип кабырларынан туруусу, жан–жаныбарлардын кайрадан тирилүүсү, дүйнөдө кылган иштери жазылган дептерлеринин берилүүсү, сыяктуу акырет жашоосуна тиешелүү нерселер болот. Акырет – бул дүйнөдөн кийинки түбөлүк жашоо. Сурнайдын экинчи чалынуусу менен макулуктар жаңыдан тирилип, эсеп, сурак берүү үчүн Махшар деген аянтка топтолот. Ал жерде Аллахтын алдында бардык жаратылгандар дүйнөдө кылган иштери үчүн эсеп берет, эң кичине кымындай иштери үчүн да эсеп берет. Акысы барлар акысын жегендерден акыларын алат. Ал жерде тараза, шапаат, сырат көпүрөсү, кавсар суусу болот. Сурак, эсеп иши бүткөндөн кийин жакшылар бейишке, жамандар тозокко киришет.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=