СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

41 чексиз жана ченемсиз. Ага чыныгы ыйман менен байлангандар кыйынчылык көрбөйт. Бирок, Раззак болгон Аллах Тааланы унутуп, ырыскыга байланып калгандар көптөгөн кыйынчылыктарды көрүшөт жана өкүнүүдөн кутула албайт. ТОБОКЕЛ Максатка жетүү үчүн материалдык жана руханий шарттардын баарын аткаргандан кийин, натыйжасын Аллах Тааладан күтүү – тобокел болуп саналат. Эгер адам күткөн нерсесине жете албай калса кайгырбашы керек: «Мен үчүн, балким бул дагы да жакшыраак» деп тагдырынаыраазыболуу зарыл. Себеби, Куран Керимде Аллах Таала мындай деп кабар берет: «...Бирок, силерге жагымсыз нерсе, (балким) ал силер үчүн жакшы. (Ал эми) Силерге жагымдуу нерсе, (балким) ал силер үчүн жаман. Аллах билет. Силер билбейсиңер». (Бакара сүрөсү 216–аят) Ачылаар бир күн бактыбыз, батканча батып кетпейтко, Себептерди жаратат Кудай, жоомарт эшигин жаппайтко. Кудай сактасын, менин жаратканга жалынуум ырыскы үчүн эмес, Аллах Раззакы Аалам, ырыскысыз дүйнөдө кул жаратпайтко. Эрзурумдук Ибрахим Хаккы

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=