СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
40 КАДАР (ТАГДЫР) Кадар деп – эзелтен чексиздикке чейинки боло турган бардык жакшы жана жаман окуяларды Аллах Таала өз илими менен билип, каалап, тагдыр кылып жазуусуна айтабыз. КАЗА (ТАГДЫРДЫН АТКАРЫЛУУСУ) Каза – Аллах Таала эзелтен белгилеген окуялардын убагы келгенде, илим жана каалоосуна дал келип окуянын болуусу. Мисалы: Кайсы бир кишинин кайсы бир күнү дүйнөгө келишин Аллах Таала эзелтеден тилеп, тагдыр кылып белгилөөсү – кадар болот. Ал кишинин ошол тагдырында жазылган күнү дүйнөгө келиши – каза болот. ЫРЫСКЫ МАСЕЛЕСИ Ырыскы – Аллах Тааланын тирүү жанга азыктануусу үчүн берген жана алардын жеген нерселери. Бирок, инсан өз жеке каалоосу менен ырыскысын адал же арам жолдон табат. Аллах Таала да ошол жолдон берет. Ырыскысын адалдан талап кылбастан, арамжегендер өз каалоосунжана тандоолорунжаманга колдонгондуктан, өздөрү жооптуу болушат. Ырыскыга эмес, ырыскыны берүүчү болгон Аллах Таалага байлануу керек. Ар бир жандыктын ырыскысын Раззакы Аалам болгон Аллах Таала берет. Ага ишенип, ырыскыны Андан суроо керек. Себеби, анын казынасы
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=