СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

39 жолду жаратат, каалаган кулуна адашкан жолду жаратат». Мындайойтакыртуураэмес.БулжөнүндөгүАятКариманы көпчүлүк туура эмес тафсир кылып, туура эмес чечмелеген. Азирети Сулайман Хилми Тунахан бул аятты төмөндөгүдөй чечмелеген: «Аллах Таала туура жолду каалап, туура жолду тандаган кулдарына туура жолду жаратат. Ката жолду каалап, адашкан жолду тандаган кулдарына ошол жолду жаратат». Айрыкча ушул маселени ачыктаганда, ушуну да айтаар эле: «Эзелден Акмат бейиштик, Махмуд тозоктук деген тиги же бу кишиге өкүм жок. Жалгыз бейиш жана тозок кийимдери бычылган. Ыйман, моюн сунуу, нур кийимдерин кийгендер бейиштик деп айтылган. Айрыкча күпүрлүк, моюн сунбоо зулумдук кийимдерин кийгендер тозоктук деп айтылган. Кул чектүү жеке каалоосу менен бул кийимдерди тандоодо толук укугу бар, толугу менен өз эркинде. Ушундан улам адам жеке каалоосу менен кайсы кийимди тандаса, ошол тарапка кеткен болот.» Пенде ар бир кылган ишинен жооптуу болгондуктан, башына келген ар кандай кырдаалга нааразы болбой, тагдырга моюн сунуп, башына түшкөн нерсеге ыраазы болушу керек. Ушуну менен бирге көрүнүп көрүнбөгөн балээлерден бизди сактап, бейпил жашоо берүүсү үчүн, Аллах Таалага жалбаруу да, маанилүү милдетибиз болуп саналат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) осуяттарынын биринде «Садака берүү келе турган балээлерден сактайт жана өмүрдү узартат» –деп баяндаган.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=