СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

38 болбойт. Кул кандайдыр бир ишти жасоого аракеттенет, ал эми анын жыйынтыгын Аллах Таала жаратат. Адамга берилген чектүү жеке каалоо, унаанын ролу сыяктуу. Инсан ролду кайсы тарапка бурса, унаа ошол тарапка кетет. Ушул себептен күнөө жасаган бир адам «Мен эмне кылайын, Аллах ушундай каалаганы үчүн ушундай жаратты да» деп жоопкерчиликтен кутула албайт. Ооба, Аллах Таала каалаган, каалаганы үчүн да бул иш болгон. Бирок, анын каалоосу жана аракеттенүүсү ушундай болгондугу үчүн Аллах Таала жараткан. Чындыгында адам баласына ирадааи жузиййамындайчаайткандатандооакысыболбогондо, анда Аллах Таала пендесине сынабай эле, аны жакшы же жаман жакка мажбурлаган болор эле. Албетте – Аллах Таала пендесине бир күнөөнү мажбурлап жасатып, анан аны жазалоодон алыс, таза жана аруу. Кээ бир адамдар: «Эзелде кээ бирлеринин руху сажда кылган, кээ бирлеринин руху сажда кылбаган, ошондон улам сажда кылбагандар каапыр болот» деп айтышат. Мындай ой туура эмес. Бул түшүнүк адамдын ишенимин бузат. Эзел каршы чыкчу жер эмес. Ал мезгилде каалаганы да каалабаганы да баары сажда кылышкан. Аллах Таала кулдарынан «аласту бираббикум» Мааниси: «Мен силердин Раббыңар эмесминби» – деп сураганда, бардык рухтар бирдей «балаа» Мааниси: «Ооба сен биздин Раббыбызсың» – деп жооп берип убада берген. Кээ бир туура эмес ойдогулар мындай деп айтат: «Сен эмне кылсаң да, Аллах Таала каалаган кулуна туура

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=