СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

36 Сурнайдын экинчи тартылышы менен бардык жандыктар кайта жаңыдан тирилет. Эсеп берүү үчүн махшармайданына топтолушат. Махшармайданында бардык адамзаты жана жиндер Аллах Тааланын астында эсепке тартылат. Эң кичине иш үчүн да эсеп беришет. Кимде ала турган акысы болсо, акысын алат. Эсеп–китеп бүткөндөн кийин жакшылар бейишке, жамандар тозокко кирет. Мусулмандар бейиште Аллах Тааланын жамалын көрөт. Акыретке ишенбеген киши Аллахка жана Пайгамбарга ишенбеген болуп саналат. Ажал Ажал – адам баласынын (Аллах Таала тарабынан жазылган) белгиленген өмүрүнүн бүтүшүнө айтылат. Ажал бир мүнөт эрте да, бир мүнөт кеч да келбейт. Адам баласы кайсы себеп менен өлсө да өз ажалы менен өлгөн болот.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=