СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

35 АКЫРЕТ КҮНҮНӨ ИШЕНҮҮ Ыймандын бешинчи шарты - акырет күнүнө ишенүү. Сурнайдын тартылуусу, бардык өлгөндөрдүн кабырынан тирилип туруусу, амал дептеринин берилүүсү, махраш майданына чогулуп эсепке тартылуусу. Тараза, шапаат, сырат көпүрөсү, кавсар суусу, бейиш жана тозок сыяктуу акырет жашоосуна толук ишенүү. Акырет бул дүйнөдөн кийинки түбөлүк жашоо. Аллах Таала бул дүйнөнү жана бардык макулуктарды убактылуу бир мезгил үчүн жараткан. Исрафил (а.с.) периштенин сурнайды биринчи ирет чалуусу менен кыямат болуп, бардык жандыктар өлөт, дүйнө жана дүйнө тышындагы бардык нерселер жок болот.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=