СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
34 эч кимисине тил тийгизүүгө укугубуз жок. Себеб,и алар мужтахиддер жана ар дайым ижтихат менен амал кылышкан. Алардын бирөөнө каршы жаман сөз сүйлөгөн адамдын ыйманы алсыздайт, дини эң чоң зыянга учурайт. Ал адам ишенимин түздөгөнгө чейин эч качан толук момун боло албайт. Сахабалар экиге бөлүнөт: 1– Мухаажириин 2– Ансар Мухаажириин – бардык мал-мүлктөрүн таштап Аллах ыраазылыгы үчүн Меккеден Мадинага хижрат кылган Меккелик сахабалар. Ансар –Мадиналык жергиликтүү сахабалар. Мадинага көчүп келишкен мусулман бир туугандарына Аллах ыраазылыгы үчүн бардык болгон нерселери менен жардамдашкан мусулмандар. Бул эки топ тең Аллах үчүн кылган бул иш–аракеттеринен улам, эң чоң соопко жана даражаларга ээ болушкан. Пайгамбарлардан кийин адамдардын эң улуусу сахабалар. Сахабалардынарасынандаражасыулуулары тизме менен аз. Абу Бакр, аз. Умар, аз. Усман, аз. Али (Аллах Таала алардан ыраазы болсун).
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=