СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

32 Ушундайча Пайгамбарыбызга Жабраил (а.с.) тарабынан руханий операция жасалды. Андан кийин Жабраил (а.с.): (Эй Мухаммед, сени жоктон бар кылган, жаштыгыңдан бери сага тарбия берип, жакшылыктар менен толуктаган) Жараткан Эгеңдин аты менен оку! Ал инсанды уюган кандан жараткан. Оку! Сенин Раббың абдан Айкөл – Ызаттуу. Ал (инсанга) калем менен жазууну үйрөткөн. (Ал) инсанга билбегенин билгизди. (Алак сүрөсү 1–5– аяттар) Ушундайча Азирети Мухаммед (с.а.в.) га Пайгамбарлык милдет берилди. Куран Керим жыйырма үч жылда толук түшүрүлүп бүттү. Он үч жыл адамдарды Меккеде чыныгы туура жолго чакырды. Көптөгөн кордуктарды жана азаптарды көрдү. Бардык нерсеге сабыр кылып, Аллах Тааланын бар экендигин, жалгыздыгын жаюуга аракеттенди. Андан кийин Мадина Мунавварага хижрат кылды. Он жыл ал жерде Пайгамбарлык милдетин, болгон күчү менен аткарууга аракеттенди. Адамдарга адамгерчиликти жана маданиятты үйрөттү. Караңгы көңүлдөрдү Ислам нуру менен жарык кылды. Ушундайча милдетин толук аткарды. Пайгамбарыбыз 63 жашында дүйнөдөн кайтты. Адамзат ааламына туура жолго баштоочу болгон Куран Керимди жана сүннөт жолун осуят кылып аманат калтырды.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=