СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

31 кемелдиктер жана жакшылыктар жана берекет менен өткөн. Жыйырма беш жашка келгенде, Хадижатул Кубраа энебизге үйлөнгөн. Эч качан буттарга сыйынган эмес. Бала кезинен эле буттарды жаман көрчү. Аз. Ибрахим Пайгамбардын дининде Аллахка кулчулук кылар эле. Тез–тез Меккенин жанындагы Хира тоосуна барып, Аллах Тааланын кудуретин жана улуулугун ойлонот болчу. Аллахтын тээ эзелтен берген ашыктык менен махабат деңизине чөмүлүп, жүрөгүндө жанган тавхид нуру менен Аллахты зикир кылат эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дагы бир күнү Хира үңкүрүндө болгон кезде, Жабраил (а.с.) Аллах Тааланын буйругу менен ага Пайгамбарлык милдетти билдирүү үчүн келет. Адамз аттын куткаруучусу, Аллах Тааланын сүйүктүү кулу Азирети Мухаммед (с.а.в.) га: – Оку! – дейт. Пайгамбарыбыз: – Мен эмнени окуюн – деп жооп берет. Жабраил Амин Пайгамбарыбызды кучактап маарек көкүрөгүн кысты. Жабраил периште: – Оку! – деп дагы кайталайт. Пайгамбарыбыз дагы «эмнени окуюн» – деп жооп берет. Андан кийин Жабраил Амин кайрадан Пайгамбарыбызды кучактап маарек көкүрөгүн кысты. Үчүнчү жолу: – Оку! – деп айтты. Пайгамбарыбыз дагы «эмнени окуюн» – деп жооп берди. Жабраил Амин кайрадан Пайгамбарыбызды кучактап маарек көкүрөгүн үчүнчү жолу кысты.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=