СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

30 ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫ ЖАКШЫ ТААНЫЙЛЫ Дүйнө жана акыртте шарапаттуу, пазилеттүү жана жакшы адам болуу үчүн, ааламдарга мээримдүүлүк катары жөнөтүлгөн Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (с.а.в.) ды жакшы билүү, жакшы таануу жана ага чыныгы үммөт болуу менен гана мүмкүн болот. Ар бир адам Пайгамбарыбызды билбей, тааныбай жана сүйбөй туруп, шарапаттуу жана пазилеттүү боло албайт. Пайгамбарыбыздын аты – Мухаммед , атасынын аты – Абдуллах, энесинин аты – Амина. Энесинин курсагында жети айлык кезинде, атасы дүйнөдөн кайтат. Миладий жыл санагы боюнча (571–жылдын апрель айынын жыйырманчы кечеси), хижрий жыл санагы боюнча Раббиуль Аввал айынын дүйшөмбү күнү таңга маал Меккеде төрөлгөн. Төрөлгөн убакта эч бир ымыркайга окшобогон. Андагы Пайгамбарлык нур караган көздөрдү уялтар эле. Төрт жашка чейинки балалык кези сүт энеси Халиманын жанында өткөн. Андан кийин өз үй– бүлөсүнө келген. Алты жашында энеси Амина көз жумган. Андан кийин Пайгамбарыбызды чоң атасы Абдулмутталиб жанына алган. Энеси кайтыш болгондон эки жылдан кийин эле сегиз жашында чоң атасы да дүйнөдөн кайтат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) атасынын бир тууганы Абу Талибдин колунда өсөт. Пайгамбарыбыздын балалыгы жана өспүрүм чагы, жаштык жана үйлөнгөн мезгилдери, кыскача айтканда, бардык өмүрү эч бир адамга насип болбогон

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=