СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
29 менен алыс болгондугу үчүн аны жакшы көрөм. Азирети Мухамметти тарта турган адамзатта тараза жок. Ал тараза көтөрө албай турганчалык оор жана улуу». Ынсаптуу Мусулман эместер Пайгамбарыбызга ушунчалык таң калышып, сүйүүлөрүн жашырбай аткан кезде, анын үммөтү болгон биз, ага канчалык сүйүү жана урмат көрсөтүүбүз керек экендигин билишибиз зарыл. Бул жерде ушунуда айта кетели, Пайгамбарыбыз дүйнөгө келгенден кийин, мурда келген Пайгамбарлардын алып келген шарияттарынын өкүмү калган эмес. Акыйкатчылык жана өкүмдарлык жалгыз гана Куран Керим жана биздин Пайгамбарыбызга тиешелүү. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз бир ирет Азирети Умардын колунан Тоораттын барактарын көрүп,агаачуулангандай таризде:«Сендажөөттөржана христиандар сыяктуу мага берилген Пайгамбарлыктан, мага түшүрүлгөн Курандан күмөндөнүп жатасыңбы? Аллахка ант болсун, Тоорат китеби түшүрүлгөн Муса Пайгамбар азыр тирүү болгондо, мени ээрчиштен башка аргасы болмок эмес.» -деп айткан. Ошондуктан, Пайгамбар мырзабыз жана Куран Карим келгенден кийин Инжилдин да, Тоораттын да өкүмүкалганэмес.Кыяматкачейинөкүмүжүргөнкитеп, жалгыз Куран Керим болот. Сөз ээси жана Өкүмдарлык жалгыз биздин Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (с.а.в.) га таандык.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=