СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
28 Ал ар кандай «эл көрсүндөн» жана жалгандан алыс болгон. Анын доорунда эч ким, эч кимге ишенген эмес Бирок, бардыгы ага ишенип, ага таянып, талашка түшкөн маселелерде аны калыстык кылып, анын чыгарган өкүмүнө гана ыраазы болушкан. Пайгамбарыбызды кабыл албаган душмандары да, анын чынчылдыгын жана тууралыгын, жалгандан жана «эл көрсүндөн» алыс болгондугун моюнга алган. Пайгамбарыбыздагы жогорку кулк мүнөзү менен адебин жогору баалап, аны «Мухаммадул Амиин» (аманатка бекем) деп атаган. Ошентип, ааламга рахмат катары жөнөтүлгөн Пайгамбарыбыз дүйнөнү караңгылык каптаган доордо келип, бузуку ишенимдерди жок кылып, ыйман жана Ислам нуру менен ааламды караңгылыктан куткарып, адамзатка дүйнө жана акырет бактылуулугунун ачкычтарын берип, чыныгы маданияттын жолун көрсөткөн. Азыркы учурда Ислам тарыхын калыс изилдеген бир нече мусулман эмес чыгыш таануучулар дагы Пайгамбарыбыздын бийик даражалуу экенин, жакшы адеп–ахлагын жана адамзат үчүн чындыгында рахмат жана эң улуу куткаруучу болгондугун моюнга алууга аргасыз болуп, ага таң калышкандарын жашырган эмес. Махмуд Асад тарабынан которулган бир эмгекте белгилуу англис философу Т.Карлайл мындай деген: «Азирети Мухаммед (с.а.в.) эки жүздүүлүктөн толугу
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=