СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
27 Адамгерчилик, акыйкаттан, адилеттүүлүктөн, маданияттан узак болушуп, коркунучтуу абалга келишкен. Ар түрдүү зордук–зомбулукка жана талап тоноочулукка аралашып жашачу. Ушундан улам, кимдин күчү жетсе, алсыздардын мал–мүлкүнө, жанына, намысына кол салчу, колунда эмне болсо баарын зулумдук менен тартып алар эле. Жада калса, кээ бирлери бузуку ишенимдерге ишенип өз кыздарын тирүүлөй жерге көмүп өлтүрчү. Жапайы көрүнүш жана адепсиздиктин чеги болгон эмес. Айрыкча, аялдардын коомдо эч бир кадыр–баркы жок болгон. Мындайча айтканда, аял акчага сатып ала турган жөнөкөй бир буюм катары эсептелген. Адамдардын бири–бирине душмандыгы өрчүп урууларга бөлүнүшүп, уруулар арасында кандуу согуштар болуп турган. Ушундай мезгилде Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) Мекке шаарында 571–жылы Рабиуль аввал айынын он экисинде, таң заарда ааламды нурга бөлөп дүйнөгө келген. Пайгамбарлар чынжырынын акыркысы болгон Пайгамбарыбыз 40 жашка чейин, б.а. Пайгамбарлык берилгенге чейин көптөгөн таң каларлык кереметтерди көрсөткөн. «Буйрулганың сыяктуу туура бол» – деген Аллах Тааланын буйругуна толук мааниде төп келгендиги үчүн, өмүрүнүн ар кадамында тууралыктын жана чынчылдыктын жандуу өрнөгү болгон.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=