СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ
26 ПАЙГАМБАРЫБЫЗ Пайгамбарыбыздын ата-бабалары: Пайгамбарыбыздын – Исмаил Пайгамбардын урпагы Аднанга чейин, атасы Абдулла тарабынан санжырасы төмөнкүдөй: Мухаммед – Абдулла – Абдулмутталиб – Хашим – Абдуманаф – Кусай – Килаб – Мурра – Кааб – Луай – Гаалиб – Фихр – Малик – Надр – Кинана – Хузайма – Мудрика – Иляс – Мудар – Низар – Маъаад – Аднан. Пайгамбарыбыздын энеси Амина тарабынан санжырасы: Мухаммед – Амина – Вахб – Абдуманаф – Зухра – Килаб. Пайгамбарлардын баардык жагынан эң жогоркусу, эң улугу, албетте биздин Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммед Мустафа (с.а.в.) болот. Пайгамбарыбыздан мурунку Пайгамбарлардын көбү бир коомго, шаарга же болбосо, айыл элине жөнөтүлгөн. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бүткүл адамзатка бардык макулуктарга, б.а. он сегиз миң ааламга мээрим катары жөнөтүлгөн. Анын адамзатка кандай жана канчалык улуу мээрими болгондугун билүү үчүн ал дүйнөгө келгенге чейинки адамзаттын абалына бир көз жүгүртүү керек: Байкалгандай эле, бүткүл ааламдын кубанычы болгон Пайгамбарыбыз келгенге чейин дүйнөдө ар тараптан жамандык, адепсиздик жана баш аламандык өкүм сүргөн бир доор болгон. Ал күндөрдө адамдар ар түрдүү бидъат жана адепсиздиктин түбүнө чөккөн болчу.
RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=