СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

24 Алгачкы инсан жана биринчи Пайгамбар – Адам алейхиссалам болот. Жаралышынан эле улук болуп жаратылган адам, айрымдар айткандай маймыл болгон эмес, адам эле болгон. Негизинен «адамдын теги маймыл» дегендердин бул жараксыз ойлорун азыркы учурда илимий жана маданий ачылыштар түп–тамырынан жокко чыгарды. Биздин түпкү тегибиз маймыл эмес, Бейиштен келген таза Адам ата менен Обо энебиз болот. ПАЙГАМБАРЛАРДЫН СЫПАТТАРЫ Пайгамбарлар үчүн зарыл жана сөзсүз болуусу керек болгон сыпаттар бешөө: 1. Сыддык: Пайгамбарлар чынчыл, эч качан жалган сүйлөбөйт. 2. Аманат: Ишенимдүү. Пайгамбарлар, бардык учурда, ар кандай шарттарда ишенимдүү болот. 3. Таблиг: Аллах Тааланын буйрук жана тыюуларын эч кемчиликсиз жана тартынбастан жеткирет. 4. Фатаанат: Ашкан акылдуу жана зээндүү болот. 5. Исмат: Күнөөсүз; Пайгамбарлар күнөө кылыштан алыс болот. Биздин Пайгамбарыбыз, Мухаммед (с.а.в.) дын, башка Пайгамбарлардан өзгөчө дагы беш сыпаты бар: 1– Бардык Пайгамбарлардын улугу. 2– Бүткүл адам затка жана жиндерге жөнөтүлгөн.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=