СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

239 СУРОО: Мавлид түнү кандай түн? ЖООП: Пайгамбарбыз (с.а.в.) дүйнөгө келген түн. СУРОО: Рагаиб түнү кандай түн? ЖООП: Амина энебиз Пайгамбарыз (с.а.в.) га кош бойлуу болгонун билген түн. СУРОО: Миъраж түнү кандай түн? ЖООП: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Аллах Тааланын салтанатын көрүү үчүн, Аллах Тааланын чакыруусу жана кудурети менен теңдеши жок керемет аркылуу асмандарга жана канчалаган ааламдарга саякат жасаган түн. СУРОО: Бараат түнү кандай түн? ЖООП: Куран Керим «Лавхи махфуздан» дүйнө асманына түшүрүлгөн, адамдардын бир жылдык турмушу жана ырыскысы жазылган, мусулмандар кечиримге жана сыйлыктарга ээ боло турган түн. Суро: Кадыр түнү кандай түн? ЖООП: Куран Керим дүйнө асманынан Пайгамбарыбыз (с.а.в.) га түшүрүлө баштаган түн.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=