СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

23 ПАЙГАМБАРЛАРГА ИШЕНҮҮ Ыймандын төртүнчү шарты – Пайгамбарларга ишенүү. Пайгамбарлар – Аллах Тааланын шариятын, буйруктарын, тыюуларын, кабарларын кулдарына жеткирүү үчүн адамдардын арасынан тандалган мыкты инсандар. Пайгамбарлар адамдарды, Аллах Таалага шерик кошуу жана тоо–таштарга сыйынуу сыяктуу адашуудан коргоого, ыйман келтиргендерди дүйнөдө жана акыретте бактылуулукка жеткирүү үчүн ортомчу болот. Инсандын акылы чыныгы бактылуулукка жетүү жолун табууга алсыз болгондуктан, Аллах Таала пенделеринин түбөлүк бактылуулукка жеткирүү үчүн Пайгамбарларды жөнөткөн. Пайгамбарлар Аллах Таала тарабынан муъжизалар менен күчтөндүрүлгөн. Аллах Тааланын уруксаты менен бир канча такыр болуп көрүлгөн эмес, акылга сыйбаган жана болуусу мүмкүн болбогон нерселер Пайгамбарлар аркылуу оңой эле ишке ашкан.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=