СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

238 СУРОО: Сахв саждасы кандай жагдайларда кылынат? ЖООП: Намаздын важиптеринен бирөөсү ташталганда же кечиктирилгенде. Ал эми парздар да болсо, жалгыз кечиктирилгенде. СУРОО: Сахв саждасын кылбаса эмне болот? ЖООП: Намаз толук болбойт. СУРОО: Сахв саждасы кандай кылынат? ЖООП: Намаздын акыркы отурушунда «аттахияту»ну окугандан кийин бир же эки жакка салам берилип, эки жолу сажда кылынат. Экинчи саждадан кийин кайра отурат. «Аттахияту», «салли» жана «барик» дубалары окулуп салам берет. СУРОО: Сахв саждасын керек кылган бир канча жерди санап бере аласыңбы? ЖООП: Санап бере алам: 1–Фатихадан кийин кошумча сүрөсүнү унуткан убакта, 2–Витир намазында кунут такбирин, кунут дубаларын же экөөнү тең унутканда, 3–Төрт рекеттүү намаздардын алгачкы отурушунда «тахият»ты окугандан кийин дароо үчүнчү рекетке туруп кетпестен, унутуп, эң азында «Аллаахума салли ъалаа Мухаммадин» дегенге чейин окуса, савх саждысы кылынат. СУРОО: Ибадат менен өткөрүүгө өзгөчө маани берилген түндөргө эмне деп аталат? ЖООП: «Касиеттүү түндөр», – деп аталат. СУРОО: Канча «касиеттүү түн» бар? ЖООП: Беш касиеттүү түн бар: 1. Мавлид түнү; 2. Рагаиб түнү; 3. Миъраж түнү; 4. Бараат түнү; 5. Кадыр түнү.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=