СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

237 СУРОО: Намаздын канча парзы бар? ЖООП: Алтоосу ичинде, алтоосу сыртында болуп, жалпы 12 парз. СУРОО: Сыртындагылар кайсылар? ЖООП: Даарат алуу, кирден тазалануу, аврат жерлерин жабуу, кыбылага жүздөнүү, убакыт жана ниет. СУРОО: Ичиндегилер кайсылар? ЖООП: Башталгыч такбири, тик туруу, куран окуу, рүкү, сажда жана акыркы олтурууда олтуруу. СУРОО: Бир күндө канча убакыт намаз окулат? ЖООП: Бешубакыт: багымдат, бешим, аср, шамжана куптан. СУРОО: Бул намаздар канча рекет? ЖООП: Багымдат намазы 4 рекет; 2 рекет сүннөт, 2 рекет парз. Алгач сүннөт, кийин парз. Бешим намазы 10 рекет; 4 рекет сүннөт, 4 рекет парз, 2 рекет сүннөт. Алгач сүннөт, кийин парз, акырында дагы сүннөт. Аср намазы 8 рекет; 4 рекет сүннөт, 4 рекет парз. Алгач сүннөт, кийин парз. Шам намазы 5 рекет; 3 рекет парз, 2 рекет сүннөт. Алгач парз, кийин сүннөт. Куптан намазы 13 рекет; 4 рекет сүннөт, 4 рекет парз, 2 рекет сүннөт, 3 рекет витир важип. Алгач сүннөт, кийин парз, кийин акыркы сүннөт, акырында витир важип окулат. Жалпысынан күнүнө 40 рекет намаз окулат. СУРОО: Намазда «фатиха» сүрөсүнөн кийин кошумча сүрөнү унутса, эмне кылуу керек? ЖООП: Сахв саждасын кылуу керек.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=