СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

236 СУРОО: Даараттын парздары канча? ЖООП: Төртөө: 1–Бетти; чач чыккан жерден баштап, кулактардын түбүнө жана ээктин астына чейин жуу; 2– Колдорду (чыканактарды кошуп) жуу; 3–Баштын төрттөн бирин сылоо; 4–Буттарды (кызыл ашыктарды кошуп) жуу. СУРОО: Гусулдун парзы канча? ЖООП: Үчөө: 1–Суу менен оозду чайкоо; 2–Суу менен мурунду жуу; 3–Денени кургак жер калтырбай жуу. СУРОО: Гусул даараты кандай алынарын түшүндүрүп бере аласыңбы? ЖООП: Түшүндүрүп бере аламын: Алгач ичтен «бисмиллах» айтылып, ниет кылынат. Жыныс мүчөлөрү жуулат. Намазга даарат алган сыяктуу даарат алынат. Мында үч жолу оозго толо суу алынат. Үч жолу мурунга жакшылап суу киргизилип жуулат. Кийин үч жолу баш–аяк суу куюлат, дагы үч жолудан оң жана сол далына суу куюулат. Денеде кургак жер калбашы керек жана жышып жуулат. Шакек астын жана киндик ичин суулайт. Суунун денеге жетүүсүн тосо турган нерселер болсо, аларды да алып астын жууйт. Аялдар сөйкө тешигин да жууйт. СУРОО: Таяммумдун парзы канча? ЖООП: Төртөө: 1–Ниет, 2–Таза топурак, 3–Колдорду топуракка уруп бетин сүртүү, 4–Топуракка дагы бир уруп 2 колу менен бири–бирин сүрүү. СУРОО: Таяммум кандай кылынат? ЖООП: Таяммумганиет кылынат. Колдорду таза топуракка уруп, бетке сүртүлөт. Колдорду таза топуракка кайра уруп оң колду сол кол менен, сол колду оң кол менен сүртөт.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=