СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

235 СУРОО: Имам Абул Хасан Аль–Ашъарий азиреттери кайсы жерден жана качан көз жумган? ЖООП: Басра шаарынан болот жана хижреттин 324– жылы көз жумган. СУРОО: Намазды каза кылып калтырууга уруксат берилген себептер канча? ЖООП: Үчөө. СУРОО: Санап бере аласыңбы? ЖООП: Санап бере алам: уйку, согуш учурунда намаз окууга эч мүмкүнчүлүк болбоо жана унутуу. СУРОО: Кырк парзды санап бере аласыңбы? ЖООП: Санап бере алам: 7 ыймандын шарты, 5 Исламдын шарты, 12 намаздын парзы, 4 даараттын парзы, 3 гусулдун парзы, 4 Таяммумдун парзы, 2 хайыз жана нифастагы парз, 1 амри маруф парзы, 1 нахи мункар парзы, 1 илим үйрөнүү парзы. Жалпы: 40 парз. СУРОО: Ыймандын шарттары кайсылар? ЖООП: Аллах Тааланын бар жана жалгыз экендигине ишенүү, периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө, тагдырдагы жакшылык жана жамандыктын жаратуучусу, Аллах Таала экенине жана өлгөндөн кийин кайра тирилүү чын экенине ишенүү. СУРОО: Исламдын шарттары канча? ЖООП: Бешөө: 1–Күбөлүк келимесин келтирүү, 2–Намаз окуу, 3–Зекет берүү, 4–Орозо кармоо, 5–Ажыга баруу.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=