СҮРӨТТӨРҮ МЕНЕН МУХТАСАР ИЛМИХАЛ

233 СУРОО: Төрт улуу китептер кайсылар жана кайсы пайгамбарларга түшүрүлгөн? ЖООП: Таврат – Муса (а.с) га, Забур – Дауд (а.с) га, Инжил – Иса (а.с) га, Куран Керим – Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (с.а.в.) га түшүрүлгөн. СУРОО: «Сухуф» (Барактар) деген эмне, канча жана кимдерге берилген? ЖООП: Аллах Таала төрт китептен башка, Жабраил периште аркылуу кээ бир пайгамбарларга барактар жөнөткөн. Алардын саны жүз. Адам (а.с) га 10; Шит (а.с) га 50; Идрис (а.с) га 30 жана Ибрахим (а.с) га 10 барак түшүрүлгөн. СУРОО: «Мазхаб» деген эмне? ЖООП: Мазхаб – улуу дин мужтахиттеринин шарият далилдеринен чыгарган маселелер жана өкүмдөр жыйнагы. СУРОО: Ахли сүннөт вал жамааттын ишенимде мазхаб имамдары канча? ЖООП: Экөө. СУРОО: Алар кимдер? ЖООП: Имам Абу Мухаммед Матуридий жана Имам Абул Хасан Ал–Ашръаий. СУРОО: Ахли сүннөт вал жамааттын амалда канча мазхабы бар? ЖООП: Төрт.

RkJQdWJsaXNoZXIy NTY0MzU=